Жаңылыктар
Кыргызстан-Армения: эки тараптуу кызматташуунун багыттары талкууланды
Саясат
 Кыргызстан-Армения: эки тараптуу кызматташуунун багыттары талкууланды
Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Никол Пашинян эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн, кыргыз-армян мамилелеринин, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Армения Премьер-министри Никол Пашинян өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өз ара даярдык билдиришти.