Жаңылыктар
Прокурорлор Сапар Исаковду 15 жылга кесүүнү сурашты
Коррупция
Прокурорлор Сапар Исаковду 15 жылга кесүүнү сурашты

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуу сунушу мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айтылды. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев, Салайдин Авазов жана Жолдошбек Назаровду 11 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга камакка алуу сунуш кылынды. 

Ошондой эле мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди ден-соолугуна байланыштуу мамлекетке 100 миллион сом айып кайтарып берүү айтылды. Ал эми мурдагы финасы министри Ольга Лаврованы 7 жылга эркинен ажыратуу сунушу сотко берилди. 

Айыпталып жаткандардын бардыгынын мүлкү конфискацияланып, 3 жылга мамлекеттик кызматтарда иштебөөнү жана 5миллиард 439 миллион сомду мамлекетке төлөп берүүнү айыптоочулар сотко сунуштады. Соттук отурум 28-ноябрда саат 9да уланмай болду.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"