Жаңылыктар
Кыргыз-казак алакасы: бир катар документтерге кол коюлду
Саясат
Кыргыз-казак алакасы: бир катар документтерге кол коюлду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Тараптар үч жылдык алаканы караган, бардык тармакты камтыган кызматташуунун комплекстүү программасын кабыл алды. 

Мындан тышкары мамлекеттер аралык кеңештин V жыйынынын жыйынтыгында, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана логистика багытында кызматташуусу, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара өткөрмө жайлары жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдашууларга жетишилди. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"