Жаңылыктар
Бишкекте ЖККУ ЖККнын кезектеги сессиясы өтүүдө
Саясат
Бишкекте ЖККУ ЖККнын кезектеги сессиясы өтүүдө

Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө. Жыйынга Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышып жатат. 

Мамлекет башчыларды "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсүнөн соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясы өттү. Учурда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы кеңири форматта уланып жатат. 

Жыйындын жүрүшүндө уюмга кирген мамлекеттердин экономикалык аймактык мейкиндигин коргоого, терроризм, экстремизмге жана сырткы күчтөргө каршы турууга, ири масштабдагы табият кырсыктарынан бирге коргонууга, туруктуулукту бекемдөөгө багытталган маселелер талкууланууда. Анын ичинде ооган-тажик чек арасын бекемдөө маселеси бар. Отурумдун соңунда бир катар документтерге кол коюлат. Сессияны чагылдыруу үчүн жергиликтүү жана уюмга мүчө мамлекеттерден келген 260тан ашуун журналист каттоодон өткөн.