Жаңылыктар
Кыргызстан-Беларусь: өлкөлөр ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр
Саясат
Кыргызстан-Беларусь: өлкөлөр ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү. 

Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты. Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.