Жаңылыктар
Сергей Лавровго “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды
Саясат
Сергей Лавровго “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровго Кыргызстандын Дипломатиялык академиясынын “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Аталган жогорку окуу жайдын ректору Чынара Адамкулова Лавровго мантия кийгизип, шахмат белек кылды. Дипломат мындай наамга ээ болуу, ал үчүн сыймык экендигин билдирип, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да Дипакадемиянын профессору болгондугун белгиледи. 

Эске салсак, Лавров быйыл Кыргызстанга төртүнчү ирет келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Россиянын ТИМ жетекчиси профессор укугу менен Бишкекке келип, студенттерге лекция окуп турат деген ишеними бар экендигин айтты.