Жаңылыктар
ЖККУ алкагында коопсуздукту бекемдөө боюнча биргелешкен жыйын өттү
Саясат
ЖККУ алкагында коопсуздукту бекемдөө боюнча биргелешкен жыйын өттү

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында ЖККУнун уставдык органдарынын мүчөлөрү аскердик-саясий кырдаал жана Уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгү жөнүндө пикир алмашышты. 

Жыйында глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну өркүндөтүү жөнүндө ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнүн долбоору жактырылды. 

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын Уюмга төрагалык кылуу мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымат берди. Жыйындын соңунда ЖККУнун төрагалык кылуу белгисин Кыргызстандан Россияга тапшыруу аземи болду.