Жаңылыктар
Кыргызстан ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды
Саясат
Кыргызстан ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды

Кыргызстандын төрагалыгы алкагында ЖККУнун эл аралык аброюн көтөрүү боюнча жигердүү иш жүргүзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясында Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан төрагалык кылган убакытта кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздөө аягына чыгарылды. 

Аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. Бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россияда алгачкы ирет „Эшелон“ атайын машыгуулары өткөрүлдү. Тажикстанда „Бузулбас боордоштук“ жана Орусияда „Өз ара иш-аракет“ биргелешкен машыгуулары өткөрүлдү. 

Сооронбай Жээнбеков натыйжада ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттери шайкеш болушуна жетишилгенин жана алардын күжүрмөн даярдыгы жогорулаганын белгиледи. ЖККУнун коргонуу дараметин жогорулатуу жана аскерий кызматташууну өркүндөтүү боюнча активдүү иш жүргүзүлгөнүнө өзгөчө токтолду.