Жаңылыктар
"Элдик парламентти" жетектегендерге тергөө иштер жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
"Элдик парламентти" жетектегендерге тергөө иштер жүрүп жатат

12-майда “Элдик парламент” деп аталган уюмдун ана башыларына өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгоду. Жыйналган материалдарга ылайык, өлкөдө тымызын тополоң салуу аракеттерин уюштуруп жана бийликти басып алууга ниеттенип жатканы үчүн биримдиктин жетекчилери - Талгарбеков, Колубаев, Султанов камакка алынып, тергөө башталды. Быйыл апрелде өлкөбүздө “Элдик парламент” деп аталган кезектеги бирикме жаралды. Бир караганда, бул уюшма деле бирде пайда болуп, кайра жок болуп кетип жаткан көп сандаган уюмдардан айырмаланбайт. 

Бирок “элдик парламентчилер” кулак жарган билдирүүлөрү жана радикалчыл ураандары менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдурду. Ар бир билдирүүсү сайын алар чет жерде жогорку кызматтарда отурган досторубуз бар деп тоту куштай кайталап жатышты. 


Өз элине таянбай, бөтөн элдин генералдарына таянган кыргыз саясатчысы элин жарытабы деген суроо жаралат. Талгарбеков менен анын шериктери узак уйкудан эми ойгондубу? Кыргызстандын тагдырын өз эли чечип калганын көрбөй калышканбы же элин эл дешпейби? “Өз элин агалай албаган бөтөн элдин эшигин сагаалайт” деген ушул да.

Бекболот Талгарбеков Акаевдик үй-бүлөлүк башкаруунун көрүнүктүү өкүлү. Аны көргөн сайын Кыргызстанда бүлүнүү, караңгылык жана үй-бүлөлүк коррупциянын гүлдөгөн доору эске келет. Акаев Талгарбековго учурунда экономиканын эң олуттуу тармактарынын бири - айыл чарбасын ишенип карматкан. Улуу муундар анын ишмердүүлүгунун “натыйжасын” эмне менен бүткөнүн эмдигиче унута элек. Элет жеринде улпак жеп, чала тоют болуп калган кезди азыр ичиркенүү менен эстешет. Айылдык айрым үй-бүлөлөр керек болсо балдарын мектепке жибере албай калышкан. Анткени кийим сатып алаарга эч нерсеси жок тунжурап калган кез эле.

Талгарбековдун ойрону чыккан реформасына чейинки совет доорунда Кыргызстанда колхоз-совхоздук система үзүрлүү иштеп жаткан. Кыргыз айыл чарба азык-түлүктөрү дүйнөнүн 30тан ашуун өлкөсүнө экспорттолчу. Айыл чарбасында миллиондогон адамдар иштеп, жан бакчу. Талгарбеков министр болуп келгенден кийин кохоздор таратылып, анын эбегейсиз мал-мүлкүн уурдап таламай мезгили өкүм сүргөн. Бир заматта миллиондогон адамдар жумушсуз калып, жакырчылыктын кейпин кийген. 

Эбегейсиз жер үлүштөрү өмүр бою мээнет кылган айылдыктарга берилбей, анын ордуна чиновниктер, алардын туугандары жана акчалуулар бөлүп алышкан. Ал эми карапайым жарандарга 5-6 соткадан гана үлүш тийип, үй-бүлөсүн эптеп септеп багууга аргасыз болушкан. Жаңы пайда боло калган фермердик чарбалар же айласын таба албай, же мамлекеттен жардам ала албай турду. Өлкөнүн агрардык тармагын талкалап, тамтыгын чыгарган саясат өчү бардай күчөп, "Базар экономикасынын талабы ушул экен" - деген жалган ураанга жамынып жатты. Жыйынтыгында азыркыга чейин ошол 90-чу жылдардын башында ээлик кылган айыл чарба өндүрүшүнүнүн деңгээлине чыга албай турабыз.

Агрардык сектордогу башаламандыкты пайдаланып, Акаевдин колдоосу астында Бекболот Талграбеков коррупциялык схема түзгөн. Кыргызстанда кой чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча Дүйнөлүк банктан 28 млн. АКШ доллары алынган. 
Уурдоолордон зыян 10 млн. АКШ долларынан ашкан (Автралиядан рыноктук баасы 400 доллар болгон кочкорлор 8 миң доллардан сатылып алынган, чет жердик окумуштууларга гонорарлар төлөнгөн, тендерлерди өткөрүүдө проценттик үлүштөрү алынып турган).

Аталган ондогон квартиралар Талгарбеков менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнө катталгандардын бир гана бөлүгү. Башкаларга жазылган толгон-токой мүлкү азыр иликтенип жатат. “Элдик парламенттин” кыбыр эткен кыймылын алар мактанып жаткан чет жердик спонсорлору менен акыл кошчулары башкарып турганы талашсыз факт. “Элдик парламентчилер” өздөрүнүн саясый максаттары тууралуу жар салып жатышканы менен чыныгы пландарын тымызын жүргүзүшкөн. Аталган бирикменин мүчөлөрү деп болжолдонуп жаткан адамдардын жакында интернетке чыккан өз ара сүйлөшүүлөрүнө орун берели.
Экинчи видеодогу Колубаев деп аталган адам өз өнөктөшүнө алдыдагы пландарын кызуу кандуулук менен, жумшак айтканда, одоно сөздөрдү кошуп айтып берип жатат. Улуу сөздө уят жок дейт, эми ушул богооз кишинин бийликке келгенин элестетиңиздерчи?

Бул көчө оппозициясынын өздөрүн жарнамалоо тактикасы да жөпжөнөкөй – кара күч менен айгай салган билдирүүлөрү аркылуу көпчүлүк ичинде ишеним жаратуу аракети көрүнүп эле турбайбы. Театрдын актерлорундай болуп мына ушинтип өз ара сүйлөшүүлөрүнөн спонсорлору таңуулаган күмөндүү максаттарын байкоо кыйын эмес. Эми “Элдик парламенттин” артында кимдер турат дегенге жооп издейли. Элдик парламенттин айрым өкүлдөрү белгилегендей азыр мекенине келе албай, ичтен сызып жүргөн Акаевдин өлкөдө олку-солку абалды жаратууну көздөгөнү, андан кем эмес үшкүрүнүп жүргөн Курманбека Бакиевдин кызыкчылыгы менен дал келип калды. Качкын президенттин экөөсү азыр тең Ала-Тоонун караанына зар болуп, үй бүлөсү менен эптеп Кыргызстанга келсек деген ойлору бар. 

Маалымат булактарынын кабарына караганда, Талгарбеков жакында Москвада болуп, Акаевдердин үй-бүлөсү менен жолуккан. Андан тышкары Кыргызстандын Москвадагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун жакын адамы Кубанычбек Кожоев менен сүйлөшкөн. Аттокуров болсо Жаныш Бакиевдин көздөй жакын көргөн шакирттеринен бири.