Жаңылыктар
Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өттү
Саясат
Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өттү

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны бүгүн Бишкекте өттү. Ага уюмга мүчө алты мамлекеттин башчылары катышып, күн тартибиндеги негизги маселе - Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылган учурда уюмдун ишмердигин арттыруу, аймактагы коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-чаралардын натыйжалуулугу талкууланды. Саммиттин жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.


Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуусун аяктап, бир жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Төрагалык мезгилинде өлкө эл аралык аренада уюмдун аброюн жогорулатуу багытында жигердүү иштерди жүргүзгөнүн Президент Сооронбай Жээнбеков баса белгиледи. POST2LEFT 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин башчылары катышты. 


Кыргызстанга биринчилерден болуп Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев келди. Күн мурун Бишкекте анын мамлекеттик сапары өткөнү белгилүү. Андан кийин “Манас” эл аралык аба майданына Тажикстандын, Беларустун, Армениянын жана бүгүн таңга жуук Россиянын Президенти Владимир Путиндин учагы келип конду.



Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзүү боюнча алты мамлекеттин ортосунда келишимге 2003-жылы кол коюлуп, анын негизги максаты - уюмга мүчө мамлекеттердин аймактык экономикалык мейкиндигин ар кандай тышкы күчтөрдүн агрессиясынан коргоо, терроризм жана экстермизмге каршы күрөш, ошондой эле ири табигат кырсыктарын биргеликте алдын алуу жана коргонуу болгон. Адистер ушул 16 жыл аралыгында ЖККУ эл аралык ири аскердик саясий уюмга айланганын белгилешет.