Жаңылыктар
Жамааттык коопсуздук кенешинин жыйынынында 15 документке кол коюлду
Саясат
Жамааттык коопсуздук кенешинин жыйынынында 15 документке кол коюлду

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кенешинин жыйынынында жалпысынан 15 документке кол коюлду. Алар глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө, Тажик-Ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу, контртеррордук стратегияны ишке ашыруу, Улуу Жеништин 75 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын планын бекемдөө өңдүү документтер.


Ошондой эле отурумда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жаңы баш катчысы тандалды. Мамлекет башчыларынын жыйынын чет элдик жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын эки жүз элүүдөн ашык өкүлү чагылдырды.



ЖККУга мүчө өлкөлөр коопсуздукту бирге камсыз кылып, өнөктөштүктү ноктоштукту көрсөтүп келатат. Тараптар террорчулук, экстремизм кулач жайып жаткан шартта өз алдынча эмес, биргелешип аракеттенүү зарыл деп эсептешет. 


Бул жолу кол коюлган документтер да аны бышыктады. Глобалдык жана аймактык коркунучтар менен күрөшүү боюнча мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү, уюмдун укуктук актыларына өзгөртүү киргизүү, Жамааттык коопсуздук боюнча жобону өзгөртүү, 2021-жылга чейинки контртеррордук стратегияны ишке ашыруу, тажик-ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу сыяктуу чечимдер кабыл алынды. 


Мындан сырткары аскердик өнөр жай ишканалары байланышты бекемдейт. Кол коюлган документтердин мазмунун уюмдун баш катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков чечмеледи.