Жаңылыктар
Өнүгүү жолундагы Кыргызстан. "Legatum" изилдөө институтунун рейтинги
Кыргызстан жаңылыктары
Өнүгүү жолундагы Кыргызстан. "Legatum"  изилдөө институтунун рейтинги

Британиянын "Legatum" (Легатум ) изилдөө институту жыл сайын жарыялаган Prosperity Index рейтингинде Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 88-орунга жайгашты. Аталган изилдөө мамлекеттердин өнүгүүсү жана жетишкен деңгээли боюнча бааланат.


Кыргызстан 167 мамлекеттин ичинен 88-орунга илинген. Өлкө билим берүү, ден соолук, экономикалык камсыздоо, эркиндик, социалдык капитал жана айлана-чөйрө багытында жакшы жыйынтык көрсөткөн. Эсперттер өнүгүүдөгү мындай жакшы көрсөткүчтү мындан ары да алдыга жылууга өбөлгө болот дешет.


Кыргызстан өзгөчө социалдык капитал боюнча рейтингде жакшы натыйжага жетишкендиги аныкталган. Буга акыркы жылдагы бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү себеп болгон. Белгилүү болгондой акыркы 3 жылда билим берүүгө, саламаттык сактоого, калктын аялуу катмарына кам көрүүгө, мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу сыяктуу калктын турмушу үчүн багытталган чөйрөгө казынадан бөлүнүүчү каражаттын суммасы эселеп көбөйгөн.


Рейтинг жүргүзүүдө иликтөө институтунун изилдөөчүлөрү 104 факторду эске алат. Алардын негизгилери болуп билим берүү, жаратылыш, жарандардын коопсуздугу, демократиянын өнүгүү деңгээли, мыйзамдын сакталышы жана бийликтин натыйжалуулугу эсептелет. Инвестиция тартуу, аны коргоо, бизнеске шарт түзүү жаатында да өлкө жакшы көрсөткүчтө.