Жаңылыктар
Өлкө тарыхындагы ири коррупциялык кылмышты иликтөөдө жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда
Коррупция
Өлкө тарыхындагы ири коррупциялык кылмышты иликтөөдө жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча тараптардын жарыш сөзү уланууда. Ошондой эле айыпталуучуларга да сөз берили. Эскерте кетсек, кечээки отурумда прокурорлор Жылуулук борборду модернизациялоодо коррупция боюнча айыпталгандарды 17 жылга чейин камакка алууну сураныкан. 


Өлкө тарыхындагы ири экономикалык кылмышты иликтөөдө улам жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Тергөөдө ЖЭБди оңдоп-түзөөдө Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаганы, аны менен катар көп мыйзам бузуулар белгилүү болгон. Бул факты боюнча ишти караган тергөө кызматы, адистер менен биргеликте бардык учурду талдап чыгып, көп кемчиликтерди аныктаган.


ЖЭБги модернизация дегенде, биринчи эле техникалык экономикалык негиздеменин жоктугу көзгө урунат. Тергөөчүлөргө адистер муну башкы кемчилик катары көрсөтүшкөн. Ошондой эле, мыйзамга көз жумуп койгон учурлар кездешет. Дагы бир жагдай, эмнегедир эч кандай сынак жок эле ЖЭБди оңдоого тиешеси жок Ти Би Эй компаниясы тандалып алынган.



ЖЭБди оңдоп-түзөөдөн мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 111 миллион доллар. Тергөөдө комплекстик-курулуш, техникалык-экономикалык экспертиза дайындалып, ар бир керектелген жабдуу, жасалган жумушту эл аралык колдонулган ыкма менен баалап чыгышкан. Жыйынтыгында келтирилген чыгым 5 жарым миллиард сомго жакын чыккан.

Бул жолку отурумда Жантөрө Сатыбалдиев озү жана Жолдошбек Назаров, Ольга Лаврова, Темирлан Бримкуловдун жактоочулары сүйлөдү. Кеч кирип, убакыт бүткөнүнө байланыштуу соттук отурум кийинки жумага жылдырылды.