Жаңылыктар
Нөшөрлүү жамгырдан жабыркаган өлкө аймактарынын абалы
Өзгөчө кырдаал
Нөшөрлүү жамгырдан жабыркаган өлкө аймактарынын абалы

Жамгырдан күндүн көзү ачылбай, мекендештерибизди эки айдан бери жакшы эле жүдөттү. Анын кесепетинен бир катар аймактарда сел жүрүп, турак жайлар менен эгин талаалары жабыркады. Мындан улам мамлекет башчысы абалды жеке өз көзөмөлүнө алды. Өлкө башчысы маал-маалы менен өзгөчө кырдаалдар министрин чакырып, жаңы маалыматтарды алууда. 

Ал эми наркы жуманын аягында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун жабыр тарткан райондорунда болуп кайтты. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндөн кийин өкмөт башчы алардын көйгөйлөрү чечилээрин убада кылды.

9-май күнү өлкөнүн алысы региондорунда дагы кырсыктар катталды. Бул күнү Баткен облусунда секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал жүрүп 866 турак-жай жабыркады. Шамал 10 миңден ашык шиферди учуруп кеткен. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда миллиондогон сом чыгым келтирилген. Адистер Лейлек, Баткен райондорундагы жана Сүлүктү шаарында зыян тарткан тургундардын зыяндарын тактап чыгып, жардам берилгени турат.



Ушул эле күнү Талас облусунда дагы катуу шамал болуп, ага удаа нөшөрлөп жамгыр төктү. Бир нече үйдүн чатырын шамал учуруп элеттиктер бөөдө чыгымга учурады. Айрым жерлерде сел жүрүп, Талас шаарынын ичинде дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн болчу. Облуста жаратылыш кырсыгы бир нече айылда катталган.
Жалал-Абад облусунда тоолуу айылдарды дагы сел алды. 9-май күнү Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылындагы 100дөн ашык үйдү суу каптап кеткен. Агыны катуу келген суу ички арыктарга батпай, турак-жайдын ичине чейин кирген. Жагдай дароо иликтенип тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Аба-ырайынан келип чыккан жагдай азыр президенттин көзөмөлүндө. Ал эми жакында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Аксы районуна барып селден жабыркаган турак-жайлардын абалы менен таанышты. Премьер-министр элдин көйгөйү менен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырмаларды берди.

Ушул күндөрү өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатат.Ал эми Жалал-Абад жана Талас облусундагы сел жүргөн жерлерге чатырлар тигилип, чукул кырдаал адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан калыбына келтирүү иштери жасалууда. Аба-ырайы толук ачылбай, май айы дагы жаанчыл болушу күтүлүүдө. Демек кооптуу аймактарда жашагандар сак болушун адистер алдын ала эскерүүдө.