Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүүдө калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат
Экономика
Аймактарды өнүктүрүүдө калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат

Аймактарды өнүктүрүү маселесинде калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы инвестиция тартуу, жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу, жумуш орундарын түзүү, социалдык маселелерди чечүү, ирригация, тоо- кен тармагын өнүктүрүү, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана калкты таза суу менен камсыз кылууга маани берилип жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2020-жылдан тартып долбоорлорго каражаттар ачык-айкын жана кайтарымдуулугу эске алынып берилет. Бул үчүн так механизмдер иштелип чыккан. «Айыл чарбасын каржылоо», «Экспортту колдоо программасы» сыяктуу мамлекеттик программалар өз ишин мындан ары да улантат. Муну менен бирге калктын жеңилдетилген ипотекалык насыяларды алуу шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө парламент республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.