Жаңылыктар
Париж шаарындагы көркөм өнөр музейинде бут кийим көргөзмөсү өттү
Дүйнө
Париж шаарындагы көркөм өнөр музейинде бут кийим көргөзмөсү өттү

Көргөзмөнүн жетекчисинин айтымында, бут кийимдердин технологиялык өзгөчөлүктөрүн көрүүгө болот. Жалпысынан бул жерде 500дөн ашык экспонат коюлган. Аталган көргөзмө келерки жылдын 23-январына чейин көрсөтүлөт. Ошондой эле, Россиянын мамлекеттик тарых музейинде "Фаберже жана падыша сарайындагы зергерлер" аталышындагы көргөзмө ачылган. Анда белгилүү бир компаниянын буюмдарын гана эмес, 19-кылымдын экинчи жарымына, 20-кылымдын башына таандык кооз зергер буюмдар көрсөтүлөт. Аталган көргөзмө апрелдин аягына чейин болот.

Быйыл аялдар Берлин көркөм академиясында окууга мүмкүнчүлүк алганына 100 жыл толот. Ага карата Берлин шаарынын Улуттук галереясында көргөзмөсү уюштурулду. Экспозиция 8-мартка чейин ачык.

Ал эми Мадрид шаарында 12-апрелге чейин Брейгели династиясынын голландиялык сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү болот.

Мындан сырткары Лондондун Виктория жана Альберта музейинде келерки жылдын 16-февралына чейин кыска кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Анда Британиялык дизайнер Мэри Куанттин 1960-жылдардагы көчө стили жана ишкер аялдын образын чагылдырган кийим-кечелери коюлат.