Жаңылыктар
Энелер күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Энелер күнү

Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз эне сүтүн актоо оңой эмес экенин көрсөтүп турат. Тогуз ай толгоо тартып, жарык дүйнөгө алып келген апалар баласы үчүн эмнени гана кылбайт. 

Тамтуң басып калганда наристеси жыгылып кетсе эненин жүрөгү солк этет. Алыска кетсе санаасы санга бөлүнүп уул кызынын амандыгын тилеп, кирпик какпай таң атырган да эне. А түгүл үй жайлуу болгон маалда да, балам келет деп сары май менен токочун камдап, аларды учурган уяда сагынып күткөн да эне.

Бирок тилекке каршы капиталисттик доордун шар аккан агымына, илгертеден калыптанган эне баалулуктары анчалык туруштук бербей, жээкке сүрүлүп калган агындыга окшоп калды. Бир кездерде ондон ашык баланы төрөгөндөр бир айылда бир нече болсо, азыр ал сейректеп, легендага айланып калды. Баласын багуу үчүн базарга чыккан энелер эмгек өргүүсүн алмак түгүл, саламаттыгын тыңыраак текшертип алганга чолоосу жок.

Дал ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Энелер күнү быйыл төртүнчү жолу белгиленүүдө. Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен жетиден ашык баланы тарбиялаган апаларга баатыр эне, ал эми алты балалуу болгондорго Эне даңкы ордени тапшырылсын деп чечилди. 

Башкача айтканда демографиялык жагдайды жөнгө салуу багытында, мамлекет дем берүү жолу менен болсо да аракеттерди көрүп жатат.

Энелердин баа жеткис эмгегине маани берип жатып өлкө башчы жагымсыз темалар тууралуу сөз козгой кеткенге дагы мажбур болду. Ансыз болбойт эле. Маселе - өлкөдө башаламандык уюштуруп, элдин тынчтыгын бүлүк салууну каалап жаткандарда. Алмазбек Атамбаев биздин өлкө тандап алган жолду жээрип, чагым издеп жаткандар дагы деле көп экенин айтты.

Президент эми мамлекетти бөлүп-жарууга аракет кылгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Жашыруун план түзүп, бийликти күч менен басып алабыз дегендердин алды коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, түшүнүк бере баштады.