Жаңылыктар
Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусу өттү
Саясат
Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусу өттү

Өзбекстандын борбору Ташкентте бүгүн Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусу өттү. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өлкө башчысы жыйында беш мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун өнүгүүсүн, мындан сырткары аймакта өзгөчө мааниге ээ болгон соода экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин көтөрдү. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу экинчи жолу гана өтүп жатканы менен, беш өлкөнүн ортосундагы алаканын өнүгүүсүндө позитивдүү өзгөрүүлөр бар.

Борбор Азия мамлекеттеринин Консультативдик кеңеши беш мамлекеттен турат. Алар Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Биринчи жыйын былтыр Казакстандын борбору Нурсултанда өтүп, КонсулЬтативдик кенештин негизги максаты - мына ушул Борбор Азияга кирген беш мамлекеттин ичинде өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өз ара тыгыз кызматташтык алакасын түзүп, жогорку деңгээлдеги диалог аркылуу ортодогу аралыкты кыскартуу болгон.
Экинчи жыйын Өзбекстанда өттү. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Ташкент шаарындагы “Көк-Сарай” мамлекеттик резиденциясында болуп, Шавкат Мирзиёев кесиптештерин жылуу маанайда тосуп алды. Мамлекет башчыларын кабыл алуу салтанатына өзгөчө даярдык көрүлүптүр, президенттер резиденциянын башкы сарайына аскердик оркестрдин коштоосунда киришти. Өлкө башчылары толук курамда чогулушкан. Кыргызстан 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитин өткөргөндүктөн, Президент Сооронбай Жээнбеков Ташкентке бүгүн эртең менен учуп барды. Казакстандан болсо жолугушууга өлкөнүн Тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев барган.