Жаңылыктар
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкө боюнча 2 миң долбоорду каржылады
Экономика
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкө боюнча 2 миң долбоорду каржылады

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандан бери өлкө боюнча 2 миң долбоорду каржылап, ага жалпысынан 380 миллион доллар каражат бөлгөн. Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча 270 долбоорго 16 миллион доллар каралган. Каражаттын көпчүлүгү өндүрүш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагына берилген.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 2015-жылдан бери Жалал-Абад облусу боюнча 270 долбоорго каражат бөлүнсө, 80 долбоор быйыл колдоо тапкан. Ага 5 миллион доллар берилген. Өнүктүрүү фондунан ишкер Сайдилла Чимбердиев 2017-жылы 8 миллион сомду 12 пайыз менен алган. Ал каражатка асфальт чыгаруучу ишкана куруп, өндүрүштү жолго салды. Жыл башынан бери 20 тоннадан ашуун асфальт чыгарып, тендердин негизинде 15 чакырым жолду жаңы курган. Ишкер фонд тарабынан берилген насыя чоң жардам болгонун айтат. Мурда башка банктардан 20 пайыз менен насыя алып, өндүрүштү өнүктүрүп кетүү кыйын болгонун айтат.

Ишкер келээрки жылга фонддон дагы 300 миң доллар алуу аракетин көрүүдө. Ал акча техникалык базаны чыңдоого жумшалат. Азыркы учурда ишканада 20 адам иштейт. Жайкы мезгилде 40 адамга чейин жетет. Ишкер мамлекетке бир жылда 18 миллион сом салык төккөн. Ал эми темир ширетүүчү Жалал-Абад шаарындагы “Сервис-КОМ” ишканасына фонд тарынан 100 миң доллар каражат берилген. Ал акчага техника жана темир ширетүүчү аппараттар алынган.

Ал эми алчаны кайра иштетүүчү ишканага фонд тарабынан 16 миллион сом берилген. Ага жабдуулар алынып, 80 тонналык алча сактоочу муздаткыч курулган. Ушул тапта муздаткычта 50 тонна алча сакталып турат. Жакынкы күндөрү ал Кытай менен Россияга экспорттолот. Ишканада жумуш азыр токтоп турат. Пордукцияны даярдоо иштери жайы менен болуп, цехте 50 киши эмгектенген.