Жаңылыктар
Өлкө жарандары жылдык үстөгү 10 пайызды түзгөн ипотекалык насыя алышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө жарандары жылдык үстөгү 10 пайызды түзгөн ипотекалык насыя алышууда

Бишкек, Ош шаарларынан башка аймактардагы, бюджеттик мекемеден башка тармакта иштегендер үчүн жеткиликтүү турак жай программасы ишке кирди. Жарандардын алды жылдык үстөгү 10 пайызды түзгөн мамлекеттик ипотекалык насыяны алууда.

Наргиза Отунчиева бир бөлмөлүү үйлүү болду. Буга чейин ижарага алган батирде жашап келген. Бир ай мурда ипотекага батир алууга кызыгып, ылайыктуу сунушту тапты. Кыргызстандын аймактарындагы тургундар үчүн "Турак жай менен камсыздоо программасы" ишке кирди. Аны Мамлекеттик ипотекалык компания Немец өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырууда. Жеткиликтүү турак жай программасынын өзгөчөлүгү - ага бюджеттик мекемеде иштеген жарандар гана эмес, бардык адамдар катыша алат.

Наргиза айым бул турак жай программасынын биринчи кардары болуп калды. Буга байланыштуу насыялоого катышкан көмөктөш банктардын биринин белегине ээ болду. Айтмакчы, аталган долбоорго өлкөнүн үч банкы катышууда. Алар KICB, Кыргызстан жана РСК банктары.