Жаңылыктар
Ат-Башыдагы аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүлдү
Аймак
Ат-Башыдагы аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүлдү

Ат-Башы райондук сотунун судьялары менен бирге аксакалдар сотунун төрагалары жана мүчөлөрү жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада аксакалдар сотторуна мыйзамдарды туура колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүлдү . Мындан тышкары аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча кеңири талкуу жүрдү.

Терегек үстөлдүн күн тартибине бир катар маанилүү маселелер коюлган. Анда аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн жогорулатуу, күч органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу жагы айтылды.
Ат-Башы райондук сотуна аксакалдар кеңешинен бир да иш түшкөн эмес. Жергиликтүүлөрдүн айтымында элдин кеңеш туурасында маалыматы жок. Дагы бир көйгөйлүү маселе жаңы киргизилген мыйзамда аксакалдар сотуна байланышкан жобо жок. Ат-Башы району боюнча 17 аксакалдар кеңеши бар.