Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда 4 соцобъекти жана таза суу тутуму колдонууга берилет
Аймак
Ысык-Көл облусунда 4 соцобъекти жана таза суу тутуму колдонууга берилет

Ысык-Көл облусунда быйылкы жылы төрт социалдык объекти жана үч айылда таза суу тутуму колдонууга берилет. Буга чейин бир мектеп сентябрь айында ишке кирген. Бул мекемелер республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат. Ал эми Ысык-Көлдүн өнүктүрүү фонду быйыл эки бала бакчаны жана бир спорт залды колдонууга берди.

Негизинен быйылкы жылы Түп району боюнча үч социалдык обьектини ишке киргизүү пландалып жатат. Анын бири бул Кичи-Өрүктү айылындагы маданият үйү.Бул маданият үйүнүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен он жети миллион сомго курулуп, азыркы тапта курулушунун 90% пайызы аяктап калды. Маданият үйүн жаңы-жыл алдында ишке киргизүү каралууда.
Маданият үйү бул айылда такыр эле болгон эмес. Айыл элинин айтымында, маданият үйүнүн жоктугунан айылда уюштурулган ар кандай маданий иш-чаралар көбүнчө эшикте, кээ бир учурларда мектепте өтүп келген.

Ал эми бул спорт комплекс Түп районунда биринчи жолу пайда болду. Аталган жайдын курулушу 2012-жылдары эле башталып, каражаттын жетишсиздигинен курулушу созулуп келген. Быйыл толук каржыланып, бул жайды жаңы жыл алдында ишке киргизүү мерчемделүүдө.