Жаңылыктар
“Кумтөр” кениндеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды
Экономика
“Кумтөр” кениндеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold » компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту. Жолугушууда “Кумтөр” ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде былтыр 9 айда ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл аягына чейин алтын өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Скотт Перри тараптардын ортосундагы байма-бай байланыш кызматташтыктын натыйжалуулугун арттыраарын баса белгилешти. Ошондой эле Кыргызстандын «Centerra Gold» компаниясындагы акцияларынын пакетининин наркына, бүтүндөй эле компаниянын баасына оң таасир этерине өзгөчө токтолушту. Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold компаниясынын «Кыргызалтын» ишканасына дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

""Кумтөр" кенинин Кыргызстан үчүн социалдык экономикалык ролу кандай экенин жакшы билесиңер. Андыктан кен казуу иштеринин жүрүшүнө биз олуттуу көңүл буруп турабыз. Кумтөр кенинен бир гана Центерра компаниясы эмес, өкмөт, бюджет дагы киреше таап жатат. Өткөн жылдан тартып геологиялык чалгындоо иштери башталып, ага каражат бөлүнгөнү жакшы иш болду. Анын жыйынтыгы менен кенди иштетүү мөөнөтүн узарутуу боюнча натыйжалуу жыйынтыкка жетишебиз деп ойлойм",- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.