Жаңылыктар
Ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы кызматташуу ишти илгерилетет
Экономика
 Ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы кызматташуу ишти илгерилетет

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен ишкерлердин жолугушуусу болду. Ишкерлер кызыктырган суроолоруна жооп алып, бизнес чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Каржы полициясынын өкүлдөрү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамга ылайык келбеген кийлигишүүлөргө каршы чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Катышуучулардын айтымында, мындай жолугушуулар ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртууда үзүрлүү натыйжасын берет.