Жаңылыктар
Түрк Кеңешинин жаштар жана спорт Министрлеринин кезектеги 4-жыйыны өттү
Спорт
Түрк Кеңешинин жаштар жана спорт Министрлеринин кезектеги 4-жыйыны өттү

Бишкек шаарында Түрк Кеңешинин жаштар жана спорт Министрлеринин кезектеги 4-жыйыны болуп өттү. Күн тартибинде жаштар жана спорт тармагында кызматташуу боюнча маселелерди талкуулоо, 2020-жылы Өзбекстанда ѳтѳ турган ишкерлердин форуму, Казакстанда өтүүчү Түрк Универсиадасы жана Туркияда ѳтѳ турган Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын уюштуруу боюнча маселелер талкууланды. Жолугушууда Азербайджан, Ѳзбекстан, Венгрия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин Жаштар жана спорт министрлери катышты. Иш-чаранын жыйынтыгы менен бир катар келишимдерге кол коюлду. 

Айта кетсек, түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар иштеринин чоң форумун Ош шаарында өткөрүү, Казакстанда түрк тилдүү мамлекеттердин студенттери арасында универсиаданы өткөрүү. Мындан тышкары, 21-кылымдын көйгөйлүү маселелеринин бири болгон экстремизм жана терроризм боюнча жыйынды Ташкентте өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле, Саммиттин алкагында Азербайжандын Жаштар жана спорт министри Азад Рагимов менен эки документке кол коюлду.