Жаңылыктар
Кыргыз-казак алакасы жанданды
Саясат
Кыргыз-казак алакасы жанданды

Өлкөбүздө болгон дагы бир маанилүү окуя Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин биринчи жолку мамлекеттик иш-сапары болуп калды. Миңдеген жылдар канатташ жайгашып, салт-санаа, үрп-адаттарыбыз сиңишип калган эки элдин достугу жалпыга маалым. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков эки элдин ортосундагы достук, бир туугандык мамиле мындан ары да өнүгө берээрин билдирсе, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак мамилелери жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгилеп өттү. Тар чөйрөдөгү жолугушуудан соң президенттер Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттер аралык Кеңешинин Бешинчи кеңешмесин өткөрүштү.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө-бул эки мамлекеттин стратегиялык багыттары болуп калуусу зарыл. Анткени чек арасы чектешкен эки мамлекетте социалдык-экономикалык долбоорлор белгилүү бир нукта өнүгүп келет. Касым-Жомарт Токаевдин белгилөөсүндө эки өлкөнүн аймактагы коопсуздуктан баштап күнүмдүк тиричиликтеги байланыштарга чейин тыгыз мамилелери бар. Эки мамлекеттин ортосунда 180 келишим жана макулдашуунун укуктук базасы бекемделип калган. Мындай жакшы көрүнүш дүйнөнүн бир да мамлекети менен жок деди Казакстан президенти.