Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча 5 кылмыш иши козголгон
Коррупция
ЖЭБ боюнча 5 кылмыш иши козголгон

Эгерде жалпыбыздын эсибизде болсо 2018-жылы 26-январь күнү Бишкек Жылуулук берүү борборунда авария болуп, баш калаабыз бир жума жылуулугу жок отуруп калган. 386 миллион доллар жумшалып, реконструкцияланды делген Бишкек ТЭЦи аварияга учурап коомчулукта түмөн түйшүктү жараткан. 

Натыйжада 5 кылмыш иши козголуп, жогорку кызматтарда аркалаган 8 аткаминер айыпталууда. Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алган депутаттык комиссиянын чечиминен соң ага козголгон кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, Башкы прокуратурага берилген. Жума ичинде Бишкек жылуулук берүү борборунун айланасындагы козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө тараптардын жарыш сөзү башталды.