Жаңылыктар
ЖККУ саммити Кыргызстандын төрагалыгы алдында өттү
Саясат
ЖККУ саммити Кыргызстандын төрагалыгы алдында өттү

Өтүп бараткан жумада "Коргонуу. Достук. Бекем чеп. Бир туугандык", "Жамааттык коопсуздук келишими Уюму- Евразия коопсуздугунун кепилдиги", "Экстремизмге жана терроризмге биргелешип каршы турабыз", "Биздин күчүбүз-бирдикте!" деген чакырыктар борбор шаарыбызда чоң иш-чара башталаарынан кабар берип турду. 

Бишкекте бейшембиде Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун саммити Кыргызстандын төрагалыгы алдында өттү. Бул иш чарага уюмдагы Россия, Беларусь, Казакстан, Армения, Тажикстандын Президенттери келди. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында аймактагы коопсуздук,экстремизм менен терроризм маселелери негизгилерден болду. Кыргызстан бул уюмга Төрагалык ишин ийгиилктүү жыйынтыктап, төрагалык милдетти Орусияга өткөрүп берди. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан уюмга төрагалык кылган мезгилде Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун биргелешкен ири аскердик машыгуулары өтүп, анда Россия Федерациясынын бүтүндөй Евразия аймагындагы коопсуздукка жан үрөгөн салымы өзгөчө болгондугуна токтолду.