Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек-ара өткөрмө пункттарынын иши жакшырат
Саясат
Кыргыз-казак чек-ара өткөрмө пункттарынын иши жакшырат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин кезектеги Кеңешмесинде эки өлкөнүн ортосундагы чек-ара өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртуу маселеси да такталды. Таластагы «Кичи-Капка», Чүйдөгү «Ак-Жол» жана «Кордой», Көлдөгү «Каркыра-автожол» өткөрмө бекеттери реконструкцияланып, калктын чек арадан өтүүдөгү шарттарын жакшыртуу чаралары белгиленди.

Ал эми ушул тапта өлкөнү санариптештирүү программасынын алкагында чек ара өткөрмө жайларды техникалык жактан жабдуу, видеокөзөмөл орнотуу жумуштары талаптагыдай ишке ашырылууда.