Ош шаарынын “Ак-Ниет” эс алуу багында “ТҮРКСОЙ” уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери түшүрүлгөн стеланын ачылышы болду. Ал “2019-жылы Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чараларынын алкагында орнотулду.
Эскерте кетсек, ТҮРКСОЙ уюму 2012-жылдан тартып, түрк тилдүү мамлекеттердин арасында маданий борбор макамына татыган шаарларды аныктай баштаган. Буга чейин Казакстандын Астана, Түркмөнстандын Мары шаары, Азербайжандын Шеки, Түркестан, соңку ирет Түркиянын Кастамону шаары - түрк элдеринин маданий борборлору деп табылган.