Жаңылыктар
Балет бийчиси Эркин Базарбаевдин ийгилиги
Маданият
Балет бийчиси Эркин Базарбаевдин ийгилиги

Кыргызстандык балет бийчи Эркин Базарбаев эл аралык “Youth America GrandPrix -Кыргызстан” аталыштагы сынакта биринчи орунду багындырды. Ал Америка, Канада жана Германия сыяктуу чоң өлкөлөргө талантын өркүндөтүүгө жолдомо алды.

17 жаштагы Эркин Базарбаев он жашынан бери балет бийин бийлеп, өзүнүн талантын өстүрүүгө чоң аракет жумшап кедет. Ал учурда Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында билим алат. Келечекте улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү балет жылдызы Чолпонбек Базарбаевдей бийчи болууну кыялданат.

Дүйнөлүк балет мектептеринде билим алуу бийчинин кыялы. Жакында эле Американын балет мектептеринин колдоосу менен өткөн эл аралык сынакта алдыңкы орунга чыгып, АКШ жана Европа мамлекеттеринде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алды. Эркин чет мамлекетте бул бийди мыкты өздөштүрүп, кыргыз балетин өркүндөтүп, мемекенине кызмат кылсам деген тилеги бар.

Башкалардан өзгөчө ийилчектиги, арткаруу чеберчилиги менен айырмаланган жаш бийчи келечектен көптү үмүттөндүрөт. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайынын мугалимдери балет өнөрүнүн чеберлери дүйнөнүн чоң сахналарда бийлеп, кыргыз элинин сыймыгы болуп жүргөндөрүн кубануу менен айтышат. Кыргыз балет театрынын артисттери жана Бишкектин хореографиялык окуу жайынын тарбиялануучулары АКШ, Швейцария жана Орусияда белгилүү хореографтар менен бир сахнада бийлеп, ийгилик жараткан учурлар арбын.