Жаңылыктар
Бакай-Ата райондук ооруканасына кошумча имарат курулду
Аймак
Бакай-Ата райондук ооруканасына кошумча имарат курулду

Бакай-Ата райондук ооруканасына кошумча имарат курулду. Ага "Жерүй" кенин иштеткен ишкананын "Бакубат Талас" фонду каражат бөлгөн. Эки ай мурда башталган курулуш бүткөрүлүп, ушул жумада ишке берилди. Белгилей кетсек, өткөн кылымдын 60-жылдары түптөлгөн бул райондук оорукананын хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрү өз-өзүнчө жайгашкандыктан, бейтаптарды операциядан кийин бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө которууда бир топ түйшүк жаралып келген. Быйыл жергиликтүү бийлик бул маселени карап, оорукананын аталган эки бөлүмүнүн ортосун бириктирген имарат тургузулду.

"Операция биздин бөлүмдө болот. Ошол жерден операциядан чыккан бейтапты реанимацияга жеткирүү үчүн сыртка чыгабыз. Сыртта кар, жамгырда, карангыда, суукта бейтапты сүйрөп жүргөн күндөр болду. Эми бул коридор менен эки бөлүм катташып турат",- деди Бакай-Ата райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Марип Ибраимов.