Өткөн жуманын соңунда Москва шаарында XIV “Евразия экономикалык интеграциясы” аттуу эл аралык конференция өттү. Биримдиктин түзүлгөндөн берки 5 жыл аралыгында, кандай жетишкендиктер болду? Интеграция жолундагы көйгөйлөр. Ушул жана башка соболдун тегерегинде ЕАЭБдин институттарынын башчылары менен мамлекеттик органдардын жетекчилери, ийри отуруп түз кеңеш курду.
14- “ЕАЭБ” эл аралык конференциянын катышуучулары биримдиктин ички жана тышкы маселелери менен бирдикте, ийгилиги, ошондой эле терс жагдайлары жана айрым бир коркунучтар тууралуу кеп кылды.
Ошол эле учурда, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү бир кылка болбой жатканын конференциянын катышуучулары моюнга алат. Өз кезегинде Олег Панкратов биримдиктин өнүгүү ыргагын башка тараптан карап көрүүнү сунуштады.
Бүгүнкү күндө биримдиктеги өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээлин теңдөө боюнча иштер жүрүүдө. Маселен, Кыргызстанда 1-ноябрга карата Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 378 миллион долларлык эки миңден ашык долбоорду колдоого алган. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы фонд тарабынан Баткен, Нарын жана Талас облустарында пилоттук стартап долбоорлорду каржылап баштаган.
Кыргызстанда Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор да аз эмес. Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иши менен жолдорду оңдоо жумуштарын белгилеп кетсек болот. Ал эми ушул тапта “Кыргыз темир жолунунун” вагондорду жаңылоо боюнча арызы каралууда.
Конференциянын жүрүшүндө бир катар демилгелер да көтөрүлдү. Маселен, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, өз кезегинде евразиялык жалпы бир бренд түзүү пикири менен бөлүштү. Ал эми Россиянын Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин, биримдиктин алкагында бирдиктүү валюта киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди. Бул арада Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов, биримдиктеги өлкөлөр каржылык эсеп-кысап маселелерин улуттук акча бирдигинде жүргүзүүнү көздөп, бул иштер айрым учурларда ишке ашып жатканын да белгиледи.
ЕАЭБ институттары тарабынан акыркы 4 жыл аралыгында “Товар жүгүртүүнү санариптештирүү”, “Транспорт коридорлорунун санариптештирилген экосистемасы”, “Технология тармагы боюнча өндүрүш кооперацияларынын евразиялык бирдиктүү тутумун түзүү”, “Электрондук документтерди киргизүү жана кабылдоо” жана “ЕАЭБдин ичинде бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ” системалары түзүлүп, иштеп жатат. Бул аткарылып жаткан иштер, Евразия экономикалык биримдиктин интеграциялык процесстерин андан ары өнүктүрүүгө багытталган.