Жаңылыктар
Көркөм сүрөт музейдеги чуу жетекчини кызматынан алды
Кыргызстан жаңылыктары
Көркөм сүрөт музейдеги чуу жетекчини кызматынан алды

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти. Бул тууралуу 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Сүрөт музейиндеги иш-чара боюнча комиссия түзүлүп, эки күндөн бери ишти иликтешти. Ошондон кийин музейдин директору жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берип, мен ага кол койдум, - деди Жаманкулов. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде аялдардын укугун коргоо иретинде өткөн иш-чарада жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда талкууга алынып жатат.

Иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, Премьер-министр Маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты. Министр Азамат Жаманкулов аларды кабыл алып, талаптарын укту. Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар да катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.