Жаңылыктар
Жарадар болгон аскер ооруканадан чыкты
Кырсык
Жарадар болгон аскер ооруканадан чыкты

3 жолу ок жеген Улуттук гвардиянын сержанты ооруканадан чыгарылды. Эми ал аскер госпиталына жөнөтүлөт, - деди Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Таалайбек Мырзабаев.

 Сержант Матислам Мариповдун абалы канааттандыраарлык, ал тамак ичкенге жарап жана өз алдынча басып да калды. Бейтап ооруканадан январдын сегизинде чыгарылып, үйүнө жиберилген. 

Эскерте кетсек, 28-декабрда таңга маал 714-бөлүктө кароолдо турган жоокер Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салган. Алган жаракаттан улам алардын бирөө ооруканада каза болуп, үч жолу ок жеген экинчи сержант ооруканага жеткирилген.

 Улуттук гвардиянын “Пантера” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүгүндөгү кандуу окуяга байланыштуу он киши кызматтан убактылуу четтетилди. Ал эми окуя болгон 714-бөлүктүн башчысы алмашып, полковник Санжар Эркинбаев дайындалганы маалым болду. Бишкек гарнизонунун Аскер соту эки сержантты аткан жоокерди үй камагына чыгарган. Башкы көзөмөл орган соттун чечимине каршы республикалык Аскер сотуна арызданган болчу.