Жаңылыктар
Камбаралы Бобулов эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Камбаралы Бобулов эскерилди

Легендарлуу парламенттин депутаты, акын, сынчы Камбаралы Бобулов быйыл 80 жашка чыкмак. Бул дүйнө менен 63 жаш курагында кош айтышкан коомдук ишмерди эскерүү Ата-Бейит көрүстөнүндө болду. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүндө, Бобуловго арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чара күзүндө Мамлекеттик тил күнү белгиленген 23-сентябрда өтөт. 

Камбаралы Бобулов 1936-жылы 15-майда Ноокат районунун Өсөр кыштагында туулган. Чыгармачылыгын студент курагында чакан аңгемелерин, новеллаларын, сын макалаларын жарыялоодон баштаган Камбаралы Бобулов адабий коомчулукка баарыдан мурда күжүрмөн, сергек, полемист сынчы катары таанымал болчу. 

Токомбаевдин, Осмоновдун, Сыдыкбековдун, Айтматовдун жана башка акын-жазуучулардын чыгармачылыгын жана жалпы эле кыргыз адабиятынын актуалдуу проблемаларын терең талдоого алган макалалары Москвада жана башка республикалардагы мартабалуу басылмаларда байма-бай жарыяланып, кезинде кыргыз адабияты менен илимий сынынын бүткүл союздук аренада таанылышына бараандуу салымын кошкон. Кыргыз тилинин, адабий сындын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң.