Жаңылыктар
Керим Турапов "ТҮРКСОЙ" уюмунун сыйлыгын алды
Маданият
Керим Турапов "ТҮРКСОЙ" уюмунун сыйлыгын алды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Керим Тураповдун 60 жылдык юбилейинин урматына эл аралык Түрксой уюму Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын ыйгарды. Сыйлыкты аталган уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов жана эл аралык Түрксой уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин тапшырды. Керим Турапов Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын ырдоо бөлүмүн, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ал Кыргыз телерадио корпорациясынын академиялык симфониялык оркестринин, мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу болуп эмгектенген. Учурда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору.

"Бүгүнкү күн жалпы театр адамдары үчүн кубанычтуу күн болуп турат. Түрксойдун президенти Дюсен Касеинов өзү Түркиядан келип, дүйнө жүзүнө, турк тилдүү өлкөлөргө белгилүү болгон биздин директорубуз Керим Ырысалиевичке сыйлык тапшырып отурат",- деди Кыргыз Республикасынын эл артисти Керим Орозбаев.  

"Керим Ырысаливич 60 жашка чыгып, бүгүнкү күнү театрды жалпы ремонттон өткөрүп, жаркыратып отурат",- деди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сабыр Жумашев.