Жаңылыктар
Табият кырсыктарын алдын алуу
Өзгөчө кырдаал
Табият кырсыктарын алдын алуу

Акыркы 1 жарым ай аралыгындагы туруксуз аба-ырайы ар кандай жаратылыш кырсыктарынын келип чыгуусуна түрткү болду. 

Жыл башынан бери өлкө аймагында 50 чакты кырсык болсо, анын 50 пайыздайы апрель айынын башынан тарта катталган. Бишкекте 1 жолу сел жүргөн, Чүй облусунда 5 ирет суу каптоо болгон. 

Талас жана Нарын облустарында сел каптоонун эки учуру катталган. Ал эми өлкөнүн түштүк региондорунда табияттын 17 кырсыгы болгон. Чукул кырдаалдар 50 миллион сомго жакын чыгым алып келди. Ушул күндөрү адистер, жарандык коргонуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Бул жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өлкө аймагындагы 329 кооптуу участок бекемделет. 

Азыркы күндө 73 участокто жумуштар аяктаган. Алдын алуу иштери толугу менен аяктаса 22 миңге жакын кожолук, 11 миң гектардан ашык айдоо аянты жана андан тышкары мектеп, оорукана, жол жана электр карагайлары сел жана башка табият кырсыктарынан корголот. Бирок бөлүнгөн каражат баардык иштерди бүтүрүүгө тартыштык кылат.