Жаңылыктар
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуунун жыйынтыгын чыгарууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуунун жыйынтыгын чыгарууда

Экономика министрлиги 4 жарым жылдын аралыгында Ички дүң продукциянын өсүшүндөгү көрсөткүчтү жана инфляциянын ооздукталганын негизги натыйжа катары белгилеп жатат. Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөр тең укукка ээ эмес деген да сын-пикирлер бар.

Өкмөт Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда эң маанилүү маселелерде мунаса табылып жатканын, товарларды эркин жүгүртүүдө натыйжа бар экенин белгилейт. Бул өз кезегинде экономикалык көрсөткүчтөргө оң таасир берип, мурда болуп келген инфляциянын өсүшүн басаңдатканы айтылды.