Жаңылыктар
"Кумтөр" кенинде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулду
Кырсык
"Кумтөр" кенинде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулду

"Кумтөр" кениндеги кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлдү. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдары, кендин администрациясы кирип, жоголгондорду куткаруу жана окуянын себептерин иликтөөдө. Кырсык болгон жерде 92 куткаруучу, адистер жана 14 техника иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө "Лысый жээк" өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Анын кесепетинен ишкананын эки кызматкери дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Аларды издөө, куткаруу иштерин ыкчамдатууну, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү органдарга тапшырды.

""Кумтөрголддогу" кырсыкты жоюу боюнча штаб түзүлгөн. ӨКМ, мамтех, ГПЭН, айлана чөйрөнү коргоо, жеригилктүү бийлик, "Кумтөр" ишкананын өкүлдөрү кирди. Отурум өткөрүп ар бир мекемеге тиешелүү тапшырмалар берилди. Өзгөчө кырдаал болгон жерде кандай иштер жүргүзлөөрү боюнча иштер аныкталды. Куткаруу иштери жүрүп жатат. 92 куткаруучу жана адистер, 14 техника тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Окуядан кийин "Кумтөр" кенинде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулду. Кырсык боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенип жатат.

"Учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда. Ачык тоо-кен иштери убактылуу токтотулуп, тоо иштеринин пландары жаңыртылууда. Компания издөө жана куткаруу иштери соңуна чыкмайынча жана жаңыланган тоо-кен иштеринин планы даяр болмоюнча тоо-кен иштери кайра качан башталары боюнча маалымат бергенден баш тартат", - деп билдирди ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн адиси Нуржан Алымканова.