Жаңылыктар
Кыргызстанда адал эт паркы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда адал эт паркы курулат

Өлкөдө адал эт паркы курулат. Кыргызстандын Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы «Кыргызстандагы адал эт паркы» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 31-октябрында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.