Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча сот. Сапар Исаков жана жактоочулары жарыш сөзгө чыгышты
Кылмыш
ЖЭБ боюнча сот. Сапар Исаков жана жактоочулары жарыш сөзгө чыгышты

Бишкек райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын иши боюнча соттук угуу болду. Кезектеги отурумда тараптардын жарыш сөзү улантылып, айыпталуучу Сапар Исаковдун үч жактоочусу жана өзү жарыш сөзгө чыгып, убакыт аяктаганына байланыштуу сот 3-декабрга жылдырылды. 

ЖЭБди модернизациялоодогу "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши 9 айдан бери уланып, соттук териштирүүдө 90дон ашуун күбө суракка алынган. Алар берген маалыматтар изилденип чыгып, мамлекеттик айыптоочулар соттон кылмышка шектүүлөрдү акчалай айып салуудан тартып 17 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. 

Эскерте кетсек, ЖЭБди модернизациялоодо “Коррупция” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова жана бир катар энергетика тутумун башкарып турган адистер айыпталууда. Тергөө иштеринде бул факты боюнча мамлекетке 5 миллиард 439 миң сомдон ашык чыгым келтирилгени айтылган.