Жаңылыктар
Дарья Маслова Олимп оюндарына жолдомо алды
Спорт
Дарья Маслова Олимп оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова 1-декабрда Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып, Токиодо 2020-жылы өтүүчү Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Дарья Маслова аталган марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секундда марага жеткен. Ал эми олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жалпысынан беш жолдомо алган. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жеңил атлет Юлия Андреева.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, жайкы Олимпиадага 20дай спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.