Жаңылыктар
Малиде курман болгон аскерлер акыркы сапарга узатылды
Дүйнө
Малиде курман болгон аскерлер акыркы сапарга узатылды

Малиде курман болгон 13 франсуз аскер кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Коштошуу зыйнаты майыптардын сарайында өттү. Анда алты офицер, алты кенже аскер жана улук командир каза тапкан. Алардын барына "Ардактуу легион" орденин ыйгарышты. 

Иш-чарага өлкө башчысы Эммануэль Макрон катышып, каза болгон аскерлердин туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул улуттук армия үчүн 1983-жылдан кийинки эле эң чоң жоготуу болду. Анда Бейрутта 58 адам каза болгон.

“Франциянын 13 уулу каза болду. Алар өз өлкөсүн жана Сахель элин коргоп, элинин коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн курман болушту",- деди Франциянын Президенти Эммануэль Макрон.