Жаңылыктар
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленүүдө

Бүгүн Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күн 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо, алардын коомдук жашоонун бардык тармагына аралашуусуна мүмкүнчүлүк берүү жана алардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында кабыл алынган.

Кийинчерээк БУУнун Башкы ассамблеясы уюмга мүчө мамлекеттерди ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коомго интеграциялоочу иш-чараларды өткөрүүгө чакырган. 2006-жылдын декабрында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугу жөнүндө конвенция кабыл алынган. Анда бул жарандардын жөндөмдүүлүгүнүн өсүүсүн урматтоо, аларды коомчулукка аралаштыруу жана дискриминацияга жол берөө жазылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анда, бүгүн дүйнө коомчулугу менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнүн белгилейбиз. Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптарынын аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет. Быйыл Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялады. Коргоого муктаж жарандарыбызга ар тараптан жардам көрсөтүү — мамлекеттик органдар менен бирге, жалпы коомубуздун милдети экенин унутпайлы. Тагдырдын кыйынчылыктарын жеңип, асыл максаттарга умтулуу менен жашап келе жатышкан кайраттуу мекендештерибизге ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалайм, - деп айтылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.