Жаңылыктар
Мыйзамсыз 9 тоннадан ашык жүзүм ташып келе жаткан унаа кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз 9 тоннадан ашык жүзүм ташып келе жаткан унаа кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Унааны текшерүү маалында Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 9 жарым миң кг жүзүм табылган. 

Жүктү алып келе жаткан айдоочу товардын мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тиешелүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 664 миң 580 сомду түзөт. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.