Жаңылыктар
Баткен: санариптештирүүнүн алкагында сот тутумун өнүктүрүү колго алынууда
Аймак
Баткен: санариптештирүүнүн алкагында сот тутумун өнүктүрүү колго алынууда

Өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, сот тутумун өнүктүрүү, мамлекеттик максаттуу программанын долбоору жөнүндөгү Өкмөттүн токтомуна ылайык Баткен облусунда да бир топ өзгөрүүлөр бар. Сот имараттары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, айрымдарына кошумча корпустар курулууда. Бул аракеттер сот тутумун санариптештирүү жана аудио-видео жазуу каражаттарын орнотууга багытталууда. Ага ылайык Кадамжай райондук сотунун кошумча имараты пайдаланууга берилди. Буга чейин сот кызматкерлери өткөн кылымдын 60-жылдарындагы имаратта эмгектенип, бир топ ыңгайсыздыктарга туш болушкан. 2019-жылдын февраль айында курулушу башталып, 14 млн. сомдон ашуун каражатка заман талабындагы кошумча имараттуу болушту.

“Ар бир кабинеттер өзүнчө дайыны менен курулган. Көптөгөн видео-аудио фиксациялар боюнча орундуктар ошондой эле компьютер, интернет булактары киргизилгенге мүмкүнчүлүктөр бар.Ошондой эле бизде сот залдары жетишсиз болгон буга чейин. Соттук заседаниелерди өткөрүүчү зал курулду кошумча чоң жана кичине зал болуп”,- дейт Кадамжай райондук сотунун төрагасы Жаныбек Момбаев.