Жаңылыктар
Азамат Жаманкулов: "Көркөм сүрөт музейдеги чагымчыл сүрөттөр алынды"
Кыргызстан жаңылыктары
Азамат Жаманкулов: "Көркөм сүрөт музейдеги чагымчыл сүрөттөр алынды"

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде аялдардын укугун коргоого арналган көргөзмөдө коюлган бардык чагымчыл сүрөттөр алынды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, көргөзмөгө байланыштуу комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Эске салсак, аталган эл аралык көргөзмөдө экспонаттардын ачык көрсөтүлүшү коомчулуктун сынына кабылган. Учурда аялдардын гендердик теңсиздикти, аларга болгон зомбулукту алдын алууга багытталган иш-чара өз ишин улантууда.

“Мындай көргөзмөлөр башка кайталанбайт, чагымчыл сүрөт видеолордун бардыгын алып салдык. Бирок, көргөзмө күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Анткени, тема абдан пайдалуу жана кызыктуу”,- деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.