Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн инклюзивдүү билим берүү борбору ачылды. “Камкор” деген аталыштагы борбордо майыптар үчүн бардык шарттар каралган. Америка элчилиги аны кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерине 37 миң 250 доллар бөлгөн. Борбордо англис тили сабактары, илим жана техникага арналган атайын программалар өткөрүлүп, маданий иш-чаралар уюштурулат. “Камкор” борборунун ачылыш аземине Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, элчиликтин өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты.
“Биздин китепканада бир гана коляска менен кире албай жүрүшкөн. Же көзү азиз болобу, ошолорго ыңгайлуу шарт түзгөнгө аракет кылдык да. Майыптарды майрам күндөрү эле эстеп, концертке чакырып калабыз. Ал эми бул борборубузда дем алыш күн деген болбойт. Тикмечиликти да сайма саюуну да үйрөтөбүз”,- деди К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева.
“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өзгөчө балдар. Бул борбор атайын аларга арналган. Бул жерде билим берүү, музыка, ашкана, жана башка ар тараптуу программалар боюнча билим алышат”,- деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.