Жаңылыктар
“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы
Билим
“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы

“Манас” эпосун жана кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм философиялык мурасын сактап, аны ар тараптан терең изилдөө максатында Кыргызстанда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы негизделген. 

Мамлекеттик макамдагы мекемени түптөө боюнча президенттин жарлыгы ушул жылдын январь айында чыккан. Учурда академияда илимий изилдөө, Манас эпосун жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын дүйнөгө жайылтуу боюнча жигердүү иштер башталды.